Menu

Дүйнө сулууларынын сулуулук сырлары

Бөлүшүү:

Интернет булактарынан, гезит-журнал беттеринен ай чырайлуу айымдардын сүрөттөрүн көрүп алардын сулуулугунун сыры эмнеде болду экен деп таң калсаңыз керек. Эмесе, дүйнөгө белгилүү сулуу айымдардын өзгөчө сулуулук сырлары менен таанышып сиз да өз келбетиңизге туура кам көргөндү үйрөнүңүз.

Моника Беллуччи

Италиялык модель Моника Беллуччи массалык маалымат каражаттарына берген маегинде мындай дейт: “Мен эртең менен саат 6да туруп спортзалга чуркаган айымдардан эмесмин. Болгону формама келүү үчүн съёмкадан бир нече күн мурда таттуулардан баш тартып коём. Башка убакта тортсуз жашай албайм. Жадагалса вино менен тамекини да таштай албайм. Өмүр бою сулуу жүрүү үчүн жакшы тамактанып, көп жылмайып жана жыныстык катнашта көбүрөөк болуу жетиштүү деп ойлойм”. Ал арыктоо үчүн белок диетасын колдонот. Анын сулуулугунун сыры – табигыйлык. Бетин эс алдыруу үчүн макияжсыз көп жүрөт жана эртеси шишип калбоо үчүн түнкүсүн такыр суу ичпейт. Кош бойлуу кезинде денеси бир да жолу чоюлбаганын белгилейт. Анын сыры ит мурундун майын колдонгонунда. Ит мурундун курамындагы антиоксиданттар менен май кислоталары терини мыкты азыктандырат деп билет.

Сандра Буллок

Похожее изображение

«Оскар» сыйлыгынын ээси, америкалык актриса Сандра Буллок бетиндеги шишиктерден бат жана натыйжалуу арылуу үчүн геморройго каршы каражатты колдонот. Муну актриса: “Геморройдун креминин шишиктерге каршы косметикалык каражаттардан айырмасы жок, болгону анда айрым кошулмалардын өлчөмү көбүрөөк”, – деп түшүндүрөт. Ал салмагын бир калыпта сактоо үчүн жылына бир жолу он күн лимонад диетасын кармайт. Тагыраагы, он күн бою жалаң суу, жалбыз чайын жана лимонад ичет. Ошондой эле чай – Сандранын эң сүйүктүү суусундугу. Чайды ар кандай ыкмада демдөө жолун өздөштүргөн актриса күн сайын 2 литр чай ичет жана чай менен бетин сүртөт. Жогорку сорттогу табигый чай жаштыкты узартат, иммунитетти чыңдайт, организмди тазалайт жана терини азыктандырат деп эсептейт. Сандра Буллок өз күйөрмандарын дагы бир сулуулук сыры менен таң калтырып келет. Ал чачын кадимки кока-кола менен чайкайт. Анткени мындай таң калычтуу ыкма чач жасалгага көрк берип, көлөмдүү кылат деп билет.

Мэрилин Монро

Похожее изображение

Америкалык актриса, ырчы Мэрилин Монро бетин күнүнө 15 жолу жуучу. Зайтун майы анын эң негизги сулуулук каражаты болгон. Ар бир косметикалык каражатынын курамында зайтун майы болуп, бул майдын өзүн да косметика катары колдончу. Үйдө болгондо бетине болгону вазелин же зайтун майын сүйкөп алчу. Тиштери аппак көрүнүшү үчүн тишин күн сайын сода менен жуучу. Мэрилин: “Эртең мененки тамакка 2 жумуртка менен бир стакан ысык сүт ичем. Эч качан десерт жебейм. Анан эч качан ич кийим кийбейм. Анткени эркин жүргөндү, денемдин дайыма дем алып туруусун каалайм”, – дейт маектеринин биринде. Анын тамактануусу таң калычтуу болгон. Кээде бир күн бою жалаң апельсин ширесин эле иччү. Өзгөчөлүктү жактырган Мэрилин кээде денесине кадимки кактус гүлү менен укалоо жасачу. Укалоонун бул түрү денени оорутканы менен кан айланууну, зат алмашууну жакшыртат деп эсептеген. Кактус менен укалоо жасап эле тим болбостон, анын ширесин да организмдеги шлактардан арылуу үчүн колдонгон.

Элизабет Тэйлор

Картинки по запросу Элизабет Тэйлор

Клеопатранын образын жараткан бул актрисанын көйгөйү денесиндеги түктөрдүн көптүгү болгон. Бала чагынан эле денесине түк чыгып кеткен. Ошондуктан өмүрүнүн аягына чейин жадагалса бетиндеги майда түктөрдү да кыруу менен убара болгон. Ал аялзатынын сулуулугу анын жытында деп эсептеген. Ошондуктан макияжынан да биринчи атырына көп көңүл бурган. Дайыма сүт, бал жана жыттуу чөптөр менен ванна кабыл алып турган. Ал үчүн кадимки уйдун сүтүнөн бир литр ысытып ваннадагы сууга куюп жуунган. Элизабеттин бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келген дагы бир рецепти – туздалган капустадан жасалган маска (майлуу тери үчүн): 100 грамм туздалган капустаны бетке сүйкөп, 20 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп салуу керек. Бул маска беттеги майда тешиктерден арылтып, терини F жана C витаминдери менен азыктандырат. Кооз кирпиктеринин сыры оригиналдуу ыкманы колдонгонунда. Актриса бир эле убакта туштун бир нече (төрт же беш) түрлөрүн колдонгон. Алгач узун көрсөтүүчү тушту, андан соң көлөмдүү, кирпиктерди бөлүп туруучу жана дагы башка түрдөгү тушту сүйкөгөн.

Софи Лорен

Похожее изображение

Италиялык актриса жана ырчы Софи Лорендин ою боюнча, позитивдүү маанай – бактылуу жашоонун жана сулуу көрүнүүнүн белгиси. Ошондуктан ал: “Мен дайыма позитивдүү ойлоном. Мени маанайсыз, кайгырган абалда чанда гана көрүүгө болот”, – деген. Ал жаш улуулаган сайын косметиканы колдонууну азайтуу керек деп эсептеген. Карыганда макияжды көп колдонуу аялзатын ого бетер жагымсыз көрсөтөрүн белгилеген. Дайыма кечинде саат 8-9да жатып, эртең менен 5-6да турганга аракет кылат. Көздүн айланасы абдан назик болгондуктан көздөгү макияжды жөнөкөй өсүмдүк майы менен өчүрүүнү сунуштайт. Жумасына бир жолу чачынын түбүнөн учтарына чейин зайтун майын сүйкөп уктайт. Бул ыкма баштын терисин чыңдап, чачты жалтыратат деп эсептейт. Софи Лорен күн сайын кургак щётка менен бутунун манжаларынан тартып көкүрөгүнө чейин укалоо жасайт. Бул кан айланууну жакшыртарын айтып келет.

Шааркан Абдуллаева

Булак: Леди.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: