Menu

Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы Саада каналына көпүрө курат

Бөлүшүү:

Тажикстан бийлиги кыргыз-тажик чек арасындагы Саада каналына көпүрө курат. Бул тууралуу Тажикстандын Бобожонгафуров районунун башчысы Зариф Назири «Азаттыктын» тажик кызматына билдирди. Анын айтымында, көпүрө куруу чечими Баткен облусунун делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин кабыл алынды.

8-февралда эртең менен Баткен облусунун Лейлек районундагы Саада каналына контейнерден курулган көпүрө орнотулган. Жергиликтүүлөр ал мектеп окуучуларынын ыңгайы үчүн орнотулганын билдиришкен. Кыргыз тарап тажик чек арачылары көпүрөнү алууну талап кылып, «Кулунду» жана «Кайрагач» өткөрмө бекеттери аркылуу адамдардын, транспорт каражаттарынын жана жүктүн өтүшүн бир тараптуу токтотконун кабарлаган.

Зариф Назиринин айтымында, тажик чек арачыларынын бул аракети чек арада жаңжал чыккандыгы тууралуу ушактарды жараткан. Ал тажик тарап Саада айылындагы балдардын мектепке баруусун жеңилдетиш үчүн канал аркылуу көпүрө курарын жана аны менен эки өлкөнүн жарандары тең пайдаланса болорун кошумчалады.

Кечке жакын Кыргызстандын Чек ара кызматы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тажик тарап көпүрөнү ачып, кошумча тартылган тажик аскер кызматкерлери кайра кеткенин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: