Лебап облусунун алыскы айылдарында ундун баасы борборго салыштырмалуу 2-3 эсеге кымбат. Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар шаардан айылдарды көздөй өзүлөрү ун ташууда.
Бирок Амударыя көпүрөсүндөгү көзөмөл-өткөрмө бекетте аларды полициячылар тосуп алып, 25 манаттан салык салууда. Баш тартышса ташыган товарларын алып коебуз, деп коркутушууда.
“Полиция кызматкерлери чек арага чектеш жашаган аймактардын жашоочулары унду чет өлкөгө сатып жатканын айтышып, буга каршы чара көрүлүп жатканын шылтоолошууда”, -деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булагы. Баш тарткандарга коомдук тартипти бузганы жана полицияга баш ийбегени үчүн айыппул салышууда.
Түркмөнстанда азык-түлүк, анын ичинде ун тартыштыгы жаралууда. Февралдын биринчи жумасында эле эт 70%, сүт азыктары 100% кымбаттады.
Мамлекеттик түркмөн валютасы 2015-жылдын январь айынан бери өзгөрбөй, 1 АКШ доллары 3,5 манат бойдон турат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ