Menu

Индонезияда 12 жаштагы кызды 45 жаштагы улуу адамга турмушка беришти 

Бөлүшүү:

Индонезияда ата-эне материалдык жардам үчүн ыраазычылык билдирүү менен 12 жаштагы кызын 45 жаштагы адамга турмушка беришти, – деп билдирет Tengrinews.kz Asianetnews сайтына шилтеме берип.

Үч аялы бар киши диний жөрөлгө өткөргөн. Мындай тойлорду өкмөт кабыл албайт, бирок алар Индонезиянын айрым жерлеринде кеңири колдонулат.

Кыздын ата-энеси делген адамдар анын тажеңеси жана таякеси болот.

Бул тууралуу уккан кыздын биологиялык ата-энеси милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылышкан.

45 жаштагы адам багып алган ата-энелерге кыздын окуу жана дарылоо акысын төлөөгө жардам берген.

“Улуу адам ар дайым кыздын жанында. Милициянын милдети мындан аркы тергөө жана медициналык кароодон өткөрүү”, – деди кыздын өзүнүн ата-энеси.

Индонезияда расмий түрдө 19 жашка чыккандан кийин турмуш кура алышат. Бирок өлкөдө коомдук уюмдар 2018-жылы миллиондон ашуун бала никесин катташкан. Укук коргоочулар белгилегендей, ата-энелер карыздарынан кутулуу үчүн кыздарын турмушка берүүгө мажбурлашат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: