Menu

“Ата Мекен” фракциясында имараттарды жана жолдорду курууда тиешелүү ченемдер менен талаптар сакталбай жаткандыгы белгиленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-июнда “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын жыйынында имараттарды, жолдорду куруудагы тиешелүү талаптардын сакталышы боюнча маселе каралды. Бул туурасында КР Жогорку Кеңешинин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов кооптуу аймактарга кандайдыр бир имарат салууга уруксат берген мамлекеттик чиновниктердин жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрдү. Эл өкүлү Ош облусунун Өзгөн районундагы кооптуу аймак деп саналган, жакында эле жер көчкү жүргөн жерге жаңы мектептин имаратын курууга уруксаат берилген жагдайды мисалга тартты. “Мектеп имараты жер көчкүнүн астында калды, анын курулушуна мамлекеттен канчалаган каражат жумшалган. Эми буга ким жооптуу болот?”,- дейт депутат Алмамбет Шыкмаматов.

КР Өкмөтүнүн астындагы Архитектура, курулуш жана туракжайкоммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү мектеп имаратынын курулушуна 10 миллион сомдой каражат жумшалгандыгын, бүгүнкү күндө бул маселе боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жаткандыгын билдиришти. “Мамлекеттик органдарды көз караштары башка-башка болуп жатат. Эгерде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калкка аталган аймата жер көчкү жүрүшү мүмкүндүгүн эскерткен болсо, анда эмне үчүн Архитектура, курулуш жана туракжайкоммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиги мындай кооптуу жерге мектеп салат? Мектеп салынбашы керек эле да!”,- дейт эл өкүлү.

Талкуу жүрүшүндө депутат Сайдулла Нышанов республика аймагында курулушу жүрүп жаткан авто жолдордун сапатына токтолду. Анын белгилөөсүндө, жолдорду курууда же реконструкция жүргүзүүдө оор жүк ташуучу автоунааларды салмагына жараша тиешелүү ченемдер эске алынышы шарт. Же болбосо оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн кандайдыр бир так эрежелерди киргизүү зарыл. Ошону менен катар депутат аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн курулган автожолдордун колдонуу мөөнөтүнө дагы көңүл бурууга чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: