Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведевге жүргүнчүлөр учагынын кыйроосунун натыйжасындагы адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты.
Төмөндө телеграмманын текстин келтиребиз:
«Россия Федерациясынын Москва областынын аймагында 2018-жылдын 11-февралында орун алган «Саратов авиалиниялары» авиакомпаниясынын учагынын кыйроосунун натыйжасындагы көптөгөн адам курмандыктары тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым», – деп айтылат телеграммада.
Премьер-министр Сапар Исаков курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн чыккан көңүл айтууну жеткирип коюуну өтүндү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ