Menu

Сирия согушундагы Орусия жарандарынын өлүмү тууралуу маалыматтар ырасталууда

Бөлүшүү:

Орусиялык аскер кызматкерлер Станислав Матвеев менен Игорь Косотуровдун Сирияда курман болгондугун алардын туугандары менен жакындары РБК агенттигине ырасташты. Буга чейин Conflict Intelligence Team (CIT) көз карандысыз иликтөөлөр тобу алар коалициянын Дейр-эз-Зор провинциясындагы аба соккусунан өлгөндөрдүн арасында болгонун билдирген.

Станислав Матвеевдин өлүмү тууралуу анын аталаш тууганы Игорь Пацко билдирди. Анын айтымында, үй-бүлөсүнө Матвеевдин өлүмүнүн так себептери кабарланган жок. «Ал курман болгон күн америкалыктар аба соккусун жасаган күнгө туш келүүдө», – деди Пацко. Игорь Косотуровдун досу Любава Кочева дагы ал Сирияда 7-февралда мерт болгонун айтты.

«Балтикалык казак округу» уюму буга чейин CIT кабарлаган дагы бир Орусиялык аскер Владимир Логиновдун курман болгондугун ырастады. «Владимир Логинов 2018-жылы 7-февралда, Сириянын Дейр-эз-Зор районундагы тең эмес согушта мерт болду» – деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

Буга чейин «Башка Орусия» кыймылынын теңтөрагасы Александр Аверин «Медиазона» басылмасына өлгөндөрдүн арасында уюмдун активисти Кирилл Ананьев болгонун ырастаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: