Кечээ Жогорку Кеңеште социалдык комитеттин жыйынында депутат Евгения Строкова саламаттык сактоо министри Батыралиевден ким ага басым жасап жатканын ачык айта аласыңбы деп бурчка такады. Деги эле акыркы күндөрү Батыралиев тууралуу жакшы кеп укпай калдык. Эки күндүн биринде эле ак халатчандар министрдин реформасын жактырышпай, бейтаптары менен коштошуп, социалдык түйүндөргө жарыя кылып жатканы жаткан. Чындап эле реформа кылам деп жаткан Батыралиев тазалоону такыр башкача жүргүзүп жатабы? Же саламаттык сактоо тармагы коррупциянын сазына тыгылып чыга албай жатабы ким билсин айтор качан көрбө эл өкүлдөрү министрди ур тепкиге алып эле жатып калышат. Мына эми кечээ да ким ага басым жасаганын, анын фамилиясын ачыкташын талап кылып, байкуш министрдин шаштысын кетирип, айласын алты кетирди.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ