Menu

Талас жана Жалал-Абад облустук сотторунун судьяларынын жана Нарын облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин  сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 3-бөлүгүнө,  «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин  негизинде  Талас облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Абдиева Замира Мунарбековна жана Ибраимов Молдозак Исмаилович, Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Жакыпбаев Шералы Жакыпбаевич жана Таштемиров Акрамжан Набиевич, ошондой эле Нарын облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Сарымсаков Усенбек Жумашович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, алардын аталган соттордогу судьялык ыйгарым укуктары токтотулду.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: