Бүгүн, 2-октябрда Алмазбек Атамбаевдин оң колу, ишенимдүү “баласы” КСДПнын мүчөсү Мээрбек Мискенбаев УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлү, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Мискенбаев Кой-Таштагы окуялар боюнча суракка чакырылган.
Эскерте кетсек, 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында жаңжал чыккан. Аны кармоо учурунда күч органдары менен Атамбаевдин тарапкерлери кагылышып, бир нече адам жаракат алып, бир жоокер каза болгон.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ