Menu

Видео – Нурлан Мотуев саясатчылар Сыймык Жапыкеев, Максат Мамытканов, Ишенбай Кадырбеков жана Текебаевди сынга алды

Бөлүшүү:

“Бир-эки күндөн бери эле мени “Сыймык Жапыкеев жүзүңдү улак жеп коюптур” деп айтыптыр деп фейк маалыматтар кетип жатат. Мен антип айткан эмесмин. Ошол эле мезгилде мен Сыймык Жапыкеев, Максат Мамытканов баштаган “Чоң казаттын” лидерлерине нааразымын”, – деп билдирди бүгүн, 3-августта “Көмүр королу” каймана аты бар, белгилүү саясатчы, эки революциянын катышуучусу Нурлан Мотуев видеокайрылуу жасап.

“Эмне дегенде, буларды “жылдыз оорусу” каптаптыр. Өздөрү берген телефон номурларына чалсам өздөрүн “жылдыз” сезишип телефондорун албай коюшту. Анан мен алардын чыныгы жүзүн айтып чыктым. Ошондон бери эле алар мени душман күтүп калышты. Кайсы кемчилигин айттым: ошол кездеги “крышасы” жок, коргоочусу, колдоочусу жок олигарх Кубанычбек Жумалиевди баса калышып, ошону кайра-кайра жамандап жатып, өздөрүн “жылдыз” сезип калышканынан айткам. “Ошондой эле кыйын болсоңор андан да чоң жегичтерди айтпайсыңарбы. Ошол коррупциялык схеманы түзүп кеткен Атамбаевди айтпайсыңарбы. Эмнеге анын жеген схемаларын айтпайсыңар?” деп… Телефон чалсам алышпайт. Албасаңар албай эле койгула, балакетимди алгыла. Өзүңөрдү “жылдыз” сезип калдыңар беле? Силер эч ким эмессиңер! Болгону мурун бирөөң прокурордук форма кийген, бирөөң УКМКнын формасын кийген “бывший сотрудниктерсиңер”. Силердей “бывший сотрудниктерге” элдин ишеними аз. Силер элден 20-30 миң доллар жыйнап алып, “представительский расходы” деп үчкө бөлүп жеп алыпсыңар. Ушулбу кыйратканыңар? Анткени силер ошол системанын бир “винтигисиңер”. Бир кезде ушул системада иштегенсиң, жегенсин, тебилгенсиң. Тебилгенден кийин нааразы болуп чыккансын. Коррупцияга каршы күрөшкөн чыныгы лидер деп мени айтса болот. 2006-2007-жылдары түрмөдө олтурдум. Анан аягында эптеп акталып чыктым. Атамбаевдин доорунда Атамбаевдин коррупциясын жеди-ичти деп айта коём деп 7 жыл жатак абак алып, мына дагы 2 жыл калды, бүтпөй, чубалжып олтурам. Менин айткандарымдын баары далилденип, мына Атамбаев өзү түрмөдө олтурат го”, – деди Нурлан Мотуев.

“Анан бул чириген системанын чирип-ирип калганын ушундан бил – Ишенбай Кадырбеков деген дагы бир чирик системанын колдоочусу “Текебаев шайлоого катышпай калса адилетсиздик болуп калат” деп бири-бирин колдошуп келе жатышат…”, – деди революционер Нурлан Мотуев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: