1988-жылы Ысык-Көл районундагы Ак-Суу району менен Каракол шаары бириктирилген, бир аз мезгилден соӊ, Ак-Суу району кайра бөлүнүп чыккан. Бирок, 3 айыл аймагынын көп жери шаардын карамагында калып калды. Ошого карабастан, жер маселеси азыркыга чейин жергиликтүү деӊгээлде чечилбей келет. Бул тууралуу депутат Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Ак-Суу районунун тургундары Каракол шаарынын карамагына өтүп кеткен 108 гектар жердин кайтарылып берилүүсүн талап кылышууда. Акыйкат талап. Ал жер азыр жеке жактардын менчигине өтүп кетиптир. Чынын айтыш керек, бул маселенин жергиликтүү деӊгээлде чечилиши кыйын. Ошондуктан, ал Өкмөт аркылуу чечилсе жакшы болот эле», – дейт эл өкүлү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ