Menu

Шайлоочулардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнө аткаруу бийлиги көңүл бурат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар кыл маселелер саатында” эл өкүлдөрү шайлоочулар менен болгон жолугушууларда айтылган маселелердин чечилишин  аткаруу бийлигинен талап кылышты.

Депутат Эмил Токтошев өлкөнүн түштүк аймагына жүктөрдү темир жол менен ташууну көбөйтүү үчүн темир жол менен жүк ташуудагы тарифтерди ылдыйлатуу зарылдыгын чечмелеп берди. “Бул элдин эле маселеси эмес, бул жалпы экономикага пайдалуу болот”,- дейт эл өкүлү.

Жарандардын соттуулугу боюнча маалымкатты электрондук жол менен берүүгө багытталган мыйзам Жогорку Кеңеште кабыл алынып, Президент тарабынан каршы пикир менен кайра келген. Депутат Дастан Бекешев 21-кылымда бир кичинекей кагазды алуу үчүн республика аймагынан эл борборго келип, 2-3 күндөп убара тартып жүргүндүгү боюнча Өкмөттү сынга алды. “Бул маалымкатты электрондук негизде берели же талап кылган мекеме өздөрү Ички иштер министрлигинен суроо-талап менен алгандай кылуу керек”,- дейт депутат.

Баткен облусунун Баткен районундагы 200 түтүндүү Бай-Карабак айылында мектеп, бала бакча жок. Жер үлүшү бөлүнүп берилбей, өзүнчө бүлө күткөн жаштар ата-энеси менен турушат. Депутат Карамат Орозова Бай-Карабак айылынын көйгөйлөрүн Өкмөттүн астына тизмектеди. Мындан сырткары, депутат айым Баткен облусундагы курулушу 95% бүткөн поликлиниканын сырткы иштери бүтпөй, бууказаны курулбай, эмеректери алынбай колдонууга берилбей жатканын кошумчалады.

Депутат Кубанычбек Нурматов жазгы талаачылык иштери башталган Ош облусунун Араван районунун дыйкандарын жер семиркич менен камсыздоо керектигине токтолду.

“Бишкек-Торугарт жолун курууда экономия болгон каражаттардан Нарын районунун ички жолдорун оңдоого деп чечилген каражаттар башка райондорго бөлүнүп кетиптир”, -деген депутат Алтынбек Жунус уулу жергиликтүү тургундардын нааразычылыгы менен тааныштырды. Ошону менен катар Алтынбек Жунус уулу Нарын районунун тургундарынын жеңилдетилген насыя алууда кезекке туруу, тааныш-билиштерин алдыга жылдыруу сыяктуу жагымсыз көрүнүштөр болуп жатканы тууралуу пикирлерин айтты. Жергиликтүү эл жеңилдетилген насыялар боюнча айыл өкмөттөрү менен сүйлөшүп, баардык дыйкандарга тең, калыс бөлүнүп берилгендей чечилсе деген талаптарын коюшкан.

Депутат Бакыт Төрөбаев КР Өкмөтү тарабынан сот системасы, прокуратура, КР Өкмөтү боюнча мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорлору келбей жатканын сынга алды. Мындан сырткары, депутат Кант шаарын суу басып калуу коркунучу тургандыгын КР Өкмөтүнө багыттады.

Депутат Руслан Казакбаев көмүскө экономиканын кесепетинен өлкө бюджетине чоң суммадагы каражаттар түшпөй жатканын айтып, мүлктөрдү декларациялоо жаатында Түркиянын, Казакстандын ийгиликтүү тажрыйбасын мисалга тартты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: