Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Медициналык кызматкерлердин арасынан коронавирусту жуктуруунун жаңы учурларынын бардыгы Бишкек шаарында катталган. Ал эми коронавирустан айыккан 1 медициналык кызматкер ооруканадан чыгарылган.
Өлкө боюнча жалпысынан 280 медициналык кызматкер ооруга чалдыккан, алардын ичинен 231и сакайып, ооруканадан чыгарылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ