Menu

Видео – Иманкадыр Рысалиев, экс-министр: “Уруш башталды. Эми Атамбаев Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүн колдобосо өзүнүн рейтинги нөл болуп калат, СДПКсы да жок болот”

Бөлүшүү:

“Парламент эч тарабайт. Конституцияны окубайсыңарбы, Конституцияда жазылып турат. Кандай шарттарда парламент таркаш керек. Азыр андай шарттар жок. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Конституциянын, мыйзамдын негизинде иштеген киши. “Жок, мен президентмин, парламентти тараткым келет” деп таратпайт”, – деп билдирди президент Жээнбековдун шайлоо командасындагы таасирдүү үзөңгүлөштөрүнүн бири, экс-министр Иманкадыр Рысалиев “Жалбырак” каналына берген интервьюсунда.

“Парламентти таратпаш керек, парламент иштеп, мыйзамдарды чыгарып, элдин турмушун жакшыртыш керек. Жаңы президент пайда болду,  жаңы үмүттөр пайда болду. Коопсуздук кеңешин өткөрпөдүбү, эми депутаттар да колдош керек.  Ал эми Алмаз Атамбаев СДПКамдын абройун көтөрөм десе биринчиден, өзүн-өзү акташ керек. Экинчиден, өзүнүн аброюн көтөрүш керек. Азыр Атамбаев президент Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүнө кошулбаса андан анын рейтинги нөл болуп калат, аброю түшөт. Аны деле Атамбаев түшүнөт, эгер Атамбаев Сооронбайды колдобосо эмне болорун. СДПК деген эмне? СДПК деген Атамбаев. Эгер Атамбаевдин аброю түшсө, СДПКныкы да кошо түшөт. Ошону менен СДПК партия сыяктуу жок болот.  Жээнбеков менен Атамбаев булар бир киши эмес. Атамбаев өзүнчө экс-президент. Анын 6 жылдык өз доору бар, мына мен муну кылдым 6 жылда, тигини кылдым деген.  Илмиянов. Абдил Сегизбаев, Фарид Ниязов деген командасы бар. Ал эми Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары СДПК чыгарганы чын, бирок эл шайлады да. Эми элдин талабын аткарыш керек.  Мына, аткарып жатпайбы, “региондорду өнүктүрөм” деп жатат.  “Элдин талабы боюнча коррупция менен күрөшөм” деп катуу убада берди. Өзүн-өзү жарга такагандай болду да. Бул деген саясый эрк да. Мен ойлойм, Сооронбай эч ким менен кармашпайт, оппозицияга да кошулуп алып кетпейт. Бирок өз ишин кылат. Эл шайладыбы? Эл талап койдубу, ошону аткарат. Ошол жолго ким кошулса ал Сооронбайдын командасында болот, ким кошулбаса ал четте калат. Аларга талаптар коюлат, максаттар менен милдеттер аныкталат. Эки-үч ай сөзсүз убакыт берет, талап коюлат. Анан аткарбаса жумуштан алып эле койбой түз эле түрмөгө тыгат.  Элдин көзүнчө улуу сөздөр айтылды. “Урушта туруш жок жок” дейт, башталды.  Уруш башталды!”, – деди Иманкадыр Рысалиев.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: