Menu

Ботаникалык бакта асынып өлгөн жаш жигиттин өлүмүнүн себеби аныкталды

Бөлүшүү:

2018-жылдын 9-ноябрында таңкы саат 07.30 чамаларында Ботаникалык бактын аймагынын Минин көчөсү тарабында 25-30 жаштагы  белгисиз жигиттин даракка асылып турган жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге Биринчи май РИИБнин тергөө-оперативдик тобунун кызматкерлери барышкан. Маркумду текшерүүдө анын куржунунан (рюкзагы) 0,7 л. “Кыргыз Арагынын” бир аз ичилген бөтөлкөсү жана Apple үлгүсүндөгү ноутбук табылган. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, маркумду жылуулук трассасынын трубаларынын арасында куржунунун асынгычтарында асынып турган жеринен жолдон өтүп бара жаткандар жана жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери таап, аны асылып турган жеринен чечишкен.

Кийин маркумдун ким экендиги аныкталган. Ал 1991-жылы туулган Бишкектин М.А. аттуу тургуну болгон.

Аталган факт Биринчи май РИИБне суицид катары катталган. Иштин чоо жайын кененирээк териштирүү максатында тергөө соттук-медициналык экспертиза дайындаган.

Маркумдун туугандары жана тааныштары суракка алынган. Алынган маалыматтарга караганда, ал былтыр үйлөнгөн. 8-ноябрда туугандарыныкына конокко барган, ал жердеги кер-мур айтыштан кийин такси менен кетип калган. Денени экспертизага алуу учурунда маркумдун медициналык билими бар тууганы катышып турган.

Милициянын версиясы боюнча жаш жигиттин өлүмүнүн себеби – үй-бүлөлүк жаңжалдан кийин жаш жигит асынып алган.

Маркумдун денесинен зордук-зомбулуктун издери табылган эмес. Кечээ, 11-ноябрда анын сөөгүн жерге берүү зыйнаты болуп өткөн. Азыркы учурда кошумча текшерүүлөр жүрүп жатат.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: