Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Жаныш Рустамбеков түшүндө президент Гурбангулы Бердимухаммедовдун колунан ыраазычылык иретинде белек алып жаткан экен. Президент анын колун бекем кысып:
– Сиз колуңуздан келишинче аракет кылып жакшы иштеп жатасыз. Ошон үчүн сизге белек бермекчимин. Биздин өлкөдө “Ахалтекинден” тышкары “Алабайды” да элибиз укмуш баалашат. Эмесе менден эстелик катары бул белекти алып коюңуз,-деп Алабайдын” кичинекей күчүгүн бере турган учурда элчи мырза толкунданып кетип:
– Мен сизден мындай белек күткөн эмес элем. А мага карапайым эле “кандек” берсеңиз деле ыраазы болмокмун,-деп коёт имиш сүрдөгөндөн колдору титиреп.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ