Бүгүн, 11-апрелде журналист Кудрет Тайчабаров Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу Орусиядагы кыргыздарга кайрылуу жасады.
“Москвадагы кыргыздар!
Үйдө эле отура тургулачы зарылчылык жок болсо. Орусияда өтө оор абалдагыларды гана больницага жаткыргыла деген тапшырма болгон, ошондой оор абалдагыларды алып келген скорыйдын машиналары ушинтип больницага кире албай канча километрлик пробка болуп атат. Кыргызстанда 6 миллионго 300 адам болсо, Москвада 20 миллионго 10 миң оорулуу адам туш келип атат. Кече Шереметтен ОМОНдор менен ит куугандай кууп чыкты го, ошол сыңары кокус ооруп калсаң чекеңден сылабайт. Жасалма дем алдыруучу аппарат жетишпей жатыптыр, океңдер өздөрүнө жеткире албай жатса, сени жаткырып болуптур… Ойлон!“, – деп жазган Тайчабаров
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ