Menu

Ау, Абдыкеримов, артынан экинчи келдик!

Бөлүшүү:

Кыргызстан эмне үчүн олимпиададан алтын албайт? Анткени Улуттук олимпиадалык комитетибизди Шаршенбек Абдыкеримов деген бизнесмен башкарат. Түштүк Кореяда өтүп жаткан оюндарга намысыбызды коргомокчу болуп аттанган эки спортчубуздун бири Тариэл Жаркымбаев деген лыжачыбыз 80ден 78-орунду ээлеп, артынан экинчи болуп келиптир. Мына биздин спортубуздун абалы. Шаки байкебиздин муну менен башы деле ооруган жок. Олимпиаданын бизге эмне кереги бар? Андан көрө өзбек крим төбөлү Салимбай байбача менен мамилесин жакшыртып, бизнесин гүлдөтүп, “Аюнун” акчасын арбыткан пайдалуу болуп жатпайбы. Баарынан күйгүзгөнү УОКтун эки кызматкери Адилет Баяман уулу менен Алия Калыбекова деген немелер Түштүк Кореяга эмнеге барды? Шаршенбектин демөөрчүлүгү же өздөрүнүн жеке каражаты менен барса го маселе жок. Бирок булар мамлекеттин эсебинен барышты. Ал экөөнүн ордуна эки спортчубуздун кошумча машыктыруучулары же башка пайдалуу адистер барса болбойт беле? Алия деген неме 2014-жылы дагы Рио-де-Жанейродо чалчактап жүргөн. Анда да элдин акчасынан барган. УОКто иштеген карапайым бирөөнүн кызы эмес экени көрүнүп турат. А берки Адилет деген баатыр кадимки вице-премьер министр Чолпон Султанбекованын уулу. “Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” деген замандан али арыла элек экенбиз.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: