Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин «Депутат айымдар менен депутаттардын жардамчыларынын маршрутка менен жүргөнүнө уялам» – дегени коомдо катуу сынга алынып, шакаба чеккендердин аягы сууй элек. Бүгүнкү күнгө чейин сиз эмнеден уяласыз деген суроо актуалдуулугун жоготкон жок. Мына ушул уялуу маселесине байланыштуу, Бишкек мэри Албек Ибраимов коомдук транспортко түшкөндөн уялбай тургандыгын маалым кылды. Ал бул туурасында: «Мен транспорттордун абалын байкоо үчүн ишемби-жекшемби күндөрү коомдук транспортко түшүп турам. Мен муну журналисттери, сүрөтчүлөрү жок эле кылам. Мүнөзүм ушундай. Кээде маршруткага канча пенсионер түшкөндүгүн санаган учурларым болот», – деп жар салды. Эгер чын айтса, жакшы адаты бар экен… Сыягы, канча пенсионер маршруткага түшкөнүн санап жүрүп, жол кире акысын көтөрүү идеясы келген окшойт. Эмне эле кымбаттатуу керектигин айтып калды десе…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ