Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев өз каалоосу менен отставкага кетип, ордуна Алина Шаикова дайындалды. Догоев «эт эмес же чел эместиги» менен эсте калса, Алина айым буга чейин Мамкаттоону башкарып, бир топ чуулгандуу иштери менен коомчулукка дайын болгон. Эми жоктон тапкансып, кайрадан бул кызматка дайындалып отурат. Мындан улам коомчулукта Мамкаттоо Шаикованын менчигиби же кызарган жердеги мурда бүтүрө албай кеткен иштерин жайгарыш үчүн келдиби дешип нааразычылык айтылууда. Ырасында, биздин мамлекетте чырдын, күмөндүү иштердин үстүнөн чыккандар «бармагын жалаган» майлуу кызматтан кетпейт тура… Сапар Исаков минтип отурса репутациясынан кол жууп, жаштар бийликке келиш керек деген аруу үмүткө биротоло чекит коюп кете тургансып калды.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ