Menu

КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов Марокконун элчиси Абдужалил Саубрини кабыл алды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов Марокко Королдугунун Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдужалил Саубрини кабыл алып, эки тараптуу кызматташтык мамлекелер жаатында пикир алышты.

Марокко арап өлкөлөрүнүн ичинен айыл чарба тармагы кыйла өнүккөн өлкөлөрдүн бири экенин айткан Иса Өмүркулов Марокконун элчилигинин ачылышы эки тараптуу кызматташтык мамилелердин өнүгүшүнө түрткү бере турганын белгиледи. «Марокконун экономикасы кыйла өнүккөнүнөн, ал негизги өнүмдөрүн Евробирлик өлкөлөрү менен АКШга чыгара турганын, ири рыноктордон өз ордун эбак эле тапканынан кабарым бар. Кыргызстан Ислам уюмуна мүчө болгондуктан, анын алкагында тыгыз кызматташууга мүмкүнчүлүктөр бар», – деди ал.

Кыргыз парламенти тууралуу учкай маалымат берүү менен бирге, КСДП фракциясынын башчысы айыл чарабасынан тышкары, Кыргызстан Марокко менен тоо-кен тармагында да кызматташууга кызыкдар экенин кошумчалады. «Мисалы, Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигине кошулгандыктан, өзүнүн чыгарган өнүмдөрүнүн сапатын тастыктоо үчүн биолабораториялардын курулушуна муктаж болуп турат. Өз өнүмдөрүн Евробирлик сындуу өлкөлөрдүн рыногуна чыгарган Марокконун топтогон тажрыйбасы биз үчүн өтө пайдалуу боло турганына тереӊ ишенем», – дейт Иса Өмүркулов.

Элчи Абдужалил Саубри Марокконун Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандагы элчилиги 2017-жылдын октябрь айында ачылганын, кеӊсеси Астана шаарында жайгашканын, бул анын Кыргызстандагы алгачкы иш сапары экенин эске салуу менен, Жогорку Кеӊеш менен Марокконун ортосунда парламенттер аралык байланышты түзүүгө кыздар экенин белгилеп, кыргыз парламентинин делегациясын өз өлкөсүнө иш сапар менен барууга чакырды. «Марокконун парламенти эки палатадан турат. Эл өкүлдөр жыйыны эл тарабынан шайланган 395 депутаттан, ал эми Мыйзам чыгаруу жыйыны бийлик тарабынан дайындалган 120 депутаттан турат. Парламентте 5 партиянын өкүлдөрү бар. Көпчүлүктү Ислам партиясы түзөт», – дейт ал.

Жолугушуу соӊунда Иса Өмүркулов мейманды быйыл күздө Ысык-Көлдө өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун көрүүгө чакырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: