Menu

Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 11-майда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу Дүйшөмбү шаарындагы Улуттар сарайында өттү. Тажик президенти Эмомали Рахмон «CASA-1000» долбоорунун курулушунун расмий башталышына арналган салтанатка катышуу үчүн келген Сооронбай Жээнбеков менен учурашууда эки өлкө үчүн «CASA-1000» долбоорунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Эмомали Рахмонго жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, президент Алмазбек Атамбаевдин саламын жеткирди.

Премьер-министр белгилегендей, долбоордун ишке ашырылышы – долбоорго катышуучу өлкөлөрдүн энергетикалык дараметин жогорулатууга мүмкүндүк берет. Жолугушууда Кыргызстан жана Тажикстан ортосундагы бир катар кызматташуу маселелери талкууланды. Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков  аталган жолугушуу өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин чыңдалышына кошумча дем берерин билдирди.

Маалымдама: «CASA 1000» аймактык долбоору Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистанды бириктирип, жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү линиялары аркылуу электр энергиясын берүүгө багытталган. Долбоордун жалпы наркы 1 млрд АКШ долларын түзөт, Кыргызстандын үлүшү 233 млн АКШ долларын түзөт. «CASA-1000» долбоорунун курулушунун расмий башталышы 12-майга белгиленген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: