Menu

Клипмейкер Эрнист Сыдыков: «Карыздарымдан чекесинен кутулуп жатам»

Бөлүшүү:

Учурда ырчылар, ага жараша клипмейкерлердин да саны арбын. Алардын арасынан суурулуп чыгып биринчи болуу – ар биринин кыялы. Ошондой клипмейкерлердин бири, жаштайынан бул чөйрөгө кадам таштаган, жаш болсо да таанымал Эрнист Сыдыков.

– Эрнист, сизди учурдун популярдуу клип жаратуучусу катары билебиз. Клипмейкер болуу балалык кыялың  ызбы?

– Рахмат. Менин бул кесипти тандап, аркалап калуума агамдын салымы чоң  . Ал кезде мен 8-класстын окуучусу элем, агам музыкант болуп эмгектенчү. «Жөн эле жүрө бербей тойлорду тарта бер», – деп өзү менен кошо тойлорго алып алар эле. Кийин айылдагы балдарды ырдатып, аларга клип тартып берип жүрдүм. Сураштырып отуруп Көркөм өнөр университетинде операторлуктун окуусу бар экендигин билип, мектепти бүткөндө ойлонбой туруп дал ошол окуу жайдын Театр жана кино факультетине тапшырдым. Бул жаатта алган дипломумдун үзүрүн көрүп жатканыма жети жыл болду. Ушул жылдар аралыгында 300дөн ашуун кыргыз, беш казак ырларынын көркүн ачтым.

– Эң   алгачкы тарткан клибиңиз кантип жаралды эле?

– 3-курста окуп жүргөн кезимде агайыма жаң  ы клип тартуу сунушу түшүптүр. Ал клипти тартууга студенттеринин арасынан төрт баланы тандап, мага болсо: «Сен тарта албайсың  », – деп койду. Себеби мен билген нерсемди да айта албай тартынып отура берчүмүн. Клип тартууга, өзүмдү сынап көрүүгө каалоом күчтүү болгондуктан, мени тандабаса да тандалган курсташтарыма кошулуп алып жардамдашып жүрө бердим. «Ушул клипти мен тартмакмын, агай мага бербей койбодубу?” – деп өзүмчө кобуранып жатсам, клиби тартылып жаткан баланын жанында жүргөн Данияр Эрматов өзүнө клип тартып көрүүмдү сунуштап калды. Ошентип Даниярдын «Токто, жаным» аттуу ырына клип тарттык. Кудай жалгап бул клип ийгиликтүү болуп, андан ары клип тартуума мени шыктандырып койду. Ошондон кийин сунуштар биринин аркасынан бири түшө баштады.

– Сиздин клиптериңиз башкалардан сюжеттүүлүгү менен айырмаланат. Анын сценарийин өзүңүз түзөсүзбү?

– Окуп жүргөндө сценарий жазуу сабагы мен үчүн кыйын болуп, канча аракет кылсам дагы жаза алчу эмесмин. Ошондон улам клип тартып баштаган күндөн тартып сценаристтин кызматынан пайдаланып келдим. Кийинки убактарда клиптеримдин окшошуп бара жатканын байкап калып, кичинеден өзүм сценарий түзгөндү үйрөнө баштадым. Акыркы эки жылдан бери бүт эле өзүм жазып калдым.

– Клиптерге каармандарды кандай критерийлер менен тандайсыз?

– Сценарий жазылып жатканда ага жараша каарманымдын образын, жүзүнүн кандай болорун элестетип алам, анан ошого түспөл каарман издейм. Мурда кастинг аркылуу тандасак, азыркы учурда социалдык тармактар пайда болуп бир топ эле жең  ил болуп калды. Көп учурда актёрлор тартылып жатканына сүйүнүп эле туш келди клиптерде тартылып, аны менен өздөрүнүн баркын кетирип алышат. Андайда ал адам менен иштешким келбей калат.

– Бир клипти канча убакытта даяр кыла аласыз? Жана кызматың  ызды канчага баалайсыз?

– Бир клипти тартууга болгон эмгек акым 700дөн 1500 АКШ долларына чейин бааланат. Көп каражаттуу клип тартууга биздин ырчылардын мүмкүнчүлүгү жетпейт. Эң кымбат клипти казак ырчысы Эржанга үч миң  долларга тартып бергем. Себеби Казакстанда эң арзаны 3 миң доллар болсо, кымбаты 10 миңге чейин барат. Бир клипти 10 күндө даярдап бүтүрсө болот. Мен бир айда бештен ашык буйрутма албайм. Учурда клибин мага ишенип тапшырып жаткандардын саны арбын, иштерим чачтан ашып турганга байланыштуу алардан баш тартууга аргасыз болуп жатам. Кээде маанисиз ырлардын клиптерин тарткым келбей, “жумушум көп” деп айтканга туура келет.

– Кадр сырты кызыктуу мүнөттөргө бай болсо керек?

– Ооба. Бир жолу клиптер компьютериме батпай калганда өзүнчө дисктерге сактап койгом. Аны көргөн балдарым алып ойноп жатып сындырып салышыптыр. Ал дискте ар кайсы өлкөлөрдө, облустарда тартылган даяр сегиз клип бар эле. Былтыркы жайдан бери ошол карыздарымды төлөп берип келе жатам. Азыр Өктөм Сапар уулу менен Анжеликаныкы калды, алардыкын Алматы жана Орусияда тартып берүүм керек.

– Кесибиңиз кино оператор экен, кино тартуу оюңузда барбы?

– Мен окуп жаткан учурда кино индустриясы анча өнүгө элек, эми гана бирин-экин кино тартылып жаткан кез болчу. Ошондуктан бул чөйрөдө өз жолумду таба алган эмесмин. Азыркы учурда киного оператор болуу сунуштары көп болгону менен мага аз киреше алып келет экен. Убакыт келгенде өзүм кино тартам, азыр ошого өзүмдү сактап жүрөм.

– Жубайыңыздын кесиби актриса эле, бирок бул чөйрөдө көрө алган жокпуз. Азыр эмне менен алек?

– Келинчегим Кымбат экөөбүз бир окуу жайда окуганбыз. Ага үйлөнүп жатканда эле “бул чөйрөгө аралашпайсың  , актриса болсоң   сага үйлөнбөйм” деген талап койгом. Ал ага макул болгондон кийин гана 2012-жылы баш коштук. Төрөттөн кийин үйдө отуруп тажадым дегенинен, Москвага жөнөтүп окутуп, салон ачып бердим. Азыр башка кыздарды окуткан дең  гээлге да жетти. Учурда кош бойлуу, үчүнчү уулубузду чыдамсыздык менен күтүп жаткан кезибиз.

– Кыздар менен көп иштешесиз, кызганабы?

– Азыркы учурда түнкү саат төрттө деле чалып же кат жазып сүйүүсүн арнагандар бар. Менин эле эмес, келинчегимдин да социалдык баракчасына жазышат экен. Ушундай жол менен клипке тартылууну көздөйбү, билбейм. Кымбат алар менен урушуп жазышпайт, көнүп калды. Досторумдун дээрлик бардыгы бойдоктор, алар менен жүрүп үйгө келбей калган учурларым да болот. Андайда тултуң  даса да ортодогу ишеним күчтүүлүк кылып кетет. Таарынып калганда башкача каттарды жазып калат. Жаккан таттууларын көп кылып чогултуп алып үйгө барсам бат эле жазылып кетет.

– Экөөңөр тең иштесеңер, балдарыңарды ким карайт?

– Иш күндөрү балдар бала бакчада болушат. Эс алуу күндөрү бош болсок өзүбүз карап, жумуштар чыгып калса ата-энемдикине таштайбыз. Биздин үй-бүлөдө төрт эркек, кыз жок. Ошондуктан апам: “Кыздуу болсоңор бизге бересиңер”, – дей берет. Бирок бизде да жалаң эркек балдар.

 

Сиз эмне үчүн Эрнистти тандадыңыз?

Нурлан Насип: «Эрнисттин өзгөчөлүгү – ачык түстөрдү көп колдонот»

– Клип тартуу үчүн башка клипмейкерлер менен деле иштешип көрдүк. Бирок биринин жасаган иши жакса, башкасынын мүнөзү оор болуп көпкө иштешип кете алган жокпуз. Ал эми Эрнисттин адамгерчилиги, өз ишинин билгичтиги көп убакыт бою кызматташууга алып барды. Менин клибимдин 70 пайызын тарткан. Кандай клип болбосун мен каалагандай кылып, өз убагында тартып, айткан саатында бүтүрүп берет. Эрнисттин өзгөчөлүгү – клиптин монтажын жогорку дең  гээлде кылып, ачык түстөргө көп басым жасаганында. Эгерде клиптин бир эле жери жакпай калса, эринбей кайра айткандай кылып оң  доп берет.

 

 

Данияр Эрматов: “Менден акча сурабайт, бирок мен берем»

– Менин эң алгачкы клибимден баштап акыркысына чейин Эрнист тартып келе жатат. Ага ишенгенимдин себеби бул жаатта беш жылдык билими бар, кокустан эле бул кесипке илинип калгандардан эмес. Талантын, аракетчилдигин абдан баалайм. Кардарларынын баарына бирдей мамиле кылат. Бир да ирет: «Досум, сеникин кезексиз эле бүтүрүп салайын», – деп айтканын уккан жокмун. Алгачкы клибимдин чыгымы абдан көп болгон. Ошентсе да акча сураган эмес, азыр деле сурабайт. Бирок мен эл катары берем.

 

 

Алмаз Шаадаев: «Сценарий жазганы – анын фишкасы»

– Эрнист Сыдыков Кыргызстандын эң   алдың  кы клип­мейкер­леринин катарын толуктайт. Ар бир клиптин майын чыгарат. Ал башкалардан сюжеттүү клип тартып, элге таасир калтыргандыгы менен айырмаланып турат. Анан да кымбат баалуу, алдың  кы камераны колдонот. Өзү идеяга бай болгондуктан, клиптин сценарийин көпчүлүк учурда өзү сунуштайт. Сценарий жазганы – анын фишкасы десем жаң  ылышпайм.

Айгерим ТОКТОБАЕВА

Булак: Леди.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 27 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: