Menu

Казакстанга Кыргызстандан барган кийимден зыяндуу заттар табылды

Бөлүшүү:

Казакстандын Караганды облусунда Кыргызстанда тигилген балдар кийиминен уулуу заттар табылды. Бул тууралуу казакстандык “Tengrinews” сайты Караганды облусунунун коомдук саламаттыкты коргоо департаментинин жетекчисинин орун басары Юрий Залыгинге шилтеме берүү менен маалымдады.

Анда шаардык санитардык кызматы дүкөндөрдө жана базарларда сатылган балдар кийимдеринде зыяндуу формальдегид затынын өлчөмү нормадан көп экенин аныктаганы айтылат. Дарыгерлер бул балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунучтуу экенин белгилешкен. Зыяндуу заттар табылган кийимдер Кыргызстандын өндүрүшүнөн чыкканы кабарланат.

Маалымат каражаты ошондой эле, товарлар соода жүгүртүүдөн алынып, аны сатып жаткан ишкерлерге 200 миллион теңге айып салынганын жазат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: