Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Дүйшөнбек Чоткараев кызматынан бошотулду. Ал президенттин катуу күпүлдөгөн сөзүнөн кийин биринчи болуп кызматынан кош айтышты. Эми кадрдык тазалоо Чоткараев менен эле токтоп калбашы керек. Эгер башкы прокурор Индира айым, башкы чекист Сегизбаев, милициянын лөгү Исраилов президенттин сынынан кийин да кызмат ордунда көпкө кармала турган болсо, Жээнбековдун коррупция менен күрөшөм дегенин коомчулук кезектеги шоу катары кабыл алып калат. Азыр Чоткараевдин орду бош турат. Бул орунга президент таза кадрды алып келүүгө милдеттүү. Эскилерден бирөөнү жетелеп келе турган болсо, ыргытылган таштын баары өзүнө тийери бышык. Бошогон кызматка бийликке жаккан кадрлардан тышкары таза иштөөгө дилгирлер толуп атпайбы. Улукбек Кочкоровду алып келсе неге болбосун? Иштей тургандарды иштетиш керек да.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ