Menu

Жеңиш Молдокматов, «Замандаш» саясий партиясынын тең-төрагасы: «Биздин партия Сооронбай Шариповичти колдойт жана бул чечим кайра талкууга алынбайт»

Бөлүшүү:

Алдыдагы президенттик шайлоого саналуу убакыттар калды. Коомчулукта болсо шайлоонун шайтан оюндары тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жаткандыгы баарыңыздарга эле белгилүү болсо керек. Андыктан биз бүгүн кийинки муундагы саясатчылардын алдыңкы сабында турган, ошону менен бирге өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаалдарга өз учурунда ачык пикирин билдирип келген белгилүү жаш саясатчы, «Замандаш» саясий партиясынын тең-төрагасы Жеңиш Өмүргазиевичке шайлоого байланыштуу бир нече соболдорду берип, төмөндөгүдөй жоопторду алдык.

— Жеңиш мырза, сиздердин партиядан бул жолку президенттик шайлоодо талапкер чыкпагандыгынын жүйөлүү себеби эмнеде?

— Президенттик шайлоо Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалгандан тартып, биз дагы партия ичинде бул маселени талкууладык. Себеби, партияда саясий кеңеш 19 адамдан турат. 2017-жылы 17-февралда саясий кеңештин кезектеги отуруму болуп, президенттик шайлоого партиянын катышаары жөнүндө маалымат угулган. Саясий кеңеш тарабынан бизге милдеттенмелер коюлган. Партиянын ичинде өздүк ресурстарды баалап чыгыш керек болду. Жыйынтыгында 22-июль күнү саясий кеңештин кезексиз жыйыны өттү. Ошол убакытка чейин сүйлөшүүлөр болду. Жыйынтыгында чечим кабыл алынып, 26-июль күнү партиянын республикалык конференциясы чакырылды. Мына ушул жерде жалпы саясий кеңештин чечими угулду. Ал чечим президенттик шайлоодо Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин колдоо жана шайлоодо ар тараптуу көмөк көрсөтүү деп кабыл алынды. Андыктан биздин партия Сооронбай Шариповичти колдойт жана бул чечим кайра талкууга алынбайт. Жээнбековду колдогонубуз — ​мамлекеттин келечегин тандаганыбыз!

— Жеке кызыкчылыктар үчүн саясий соодалашууларга барбайсыздарбы?

— Саясатта жүргөн ар бир саясатчы өзүнүн жеке кызыкчылыгын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын колдошу керек деп эсептейм. Биз буга чейин да эч бир партия менен эч кандай соодалашууларды жүргүзгөн эмеспиз, биздин максат – элдин кызыкчылыгы жана мамлекеттин бүтүндүгү.

— Дегеле мамлекет башчысы боло турган адамда эң негизги кандай сапаттар болушу керек. Ушуга кеңири токтолуп кетсеңиз?

— Мамлекет башчы деген бул бүтүндөй бир өлкө элинин жүзү. Дүйнөлүк аренада өзүн көргөзө билген, ошол эле учурда инсанга тиешелүү болгон жогорку сапаттарга ээ болушу керек. Элдин ишенимине татыган, камкор, калктын оюн баамдай билген адам болуусу зарыл. Эң негизгиси элдик лидер –алдабашы, уурдабашы жана айтканын так аткарышы керек! Президент деген жалпысынан алганда саясий майдандагы алгачкы жүз, ал адам эң биринчиден элдин кызыкчылыгын көздөгөн жана колдогон адам. Канчалаган саясатчылар элге берген убадаларын аткарган жок. Ушул турган шайлоодогу негизги талапкерлердин арасынан ким алдады, ким уурдады, ким айтканын аткарбаганын эл өзү талдап алат. Калың эл куру убадалардан эбак тажаган. Ошондуктан бизге келе турчу эл башчы жүрөгүндө ыйманы бар, адилеттүү жана мамлекетчил болуусу шарт.

— Бул шайлоо мурдагыдан катуу болот деген сөздөр азыртадан эле коомчулукту аралай баштады. Буга сиздин пикириңиз кандай?

— Алдын ала ар кандай божомолдор айтыла берет, эң негизгиси таза атаандаштык жана мыйзам чегинде тынч өтсүн. Жалпысынан бул шайлоо буга чейин өткөн президенттик шайлоолордон эмнеси менен айырмаланат десеңиз, бул жолку президенттик шайлоодо атаандаштык бар. Буга чейин мыйзамдуу демократиялык атаандаштык менен шайлоо өткөн эмес. 1991-жылды эске алсак, туңгуч президент Аскар Акаевди эл шайлаган эмес. Саясий элита гана шайлаган. 2005-жылы болсо төңкөрүш болуп, капысынан Курманбек Бакиев бийликке келген. 2010-жылда болсо элдик революция орун алып, жыйынтыгында Убактылуу Өкмөт түзүлгөн. Андан кийин Алмазбек Атамбаев шайланды. Ал эми бул жолку президенттик шайлоодо атаандаштык бар дегеним, ар бир талапкерге бирдей шарт түзүлдү. Эгер байкаган болсоңор, бүгүн атаандаштык күндөн- күнгө күч алууда. Кудайым буйруса, бийлик башына татыктуу, элге ак кызмат кылган инсан келет деп ишенели. Бул жолу эл өзү татыктуунун татыктуусун тандап алат деп ишенем.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: