Өлкөдө акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарынан – 20 адам;
– Жалал-Абад облусунан – 3 адам.
Учурда өлкөдө коронавирус илдетинен жалпы 827 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ