Menu

Өмүрзаковдун кадыры өсүп, кээ бирөөлөрдүн уйкусун бузууда

Бөлүшүү:

Президент  Коопсуздук кеңешинде күч структураларын катуу сындагандан кийин көпчүлүктү кайсыл чиновник кызматы менен кош айтышат деген тема кызыктырып туру. Күч түзүмдөрүнүн ичинде дагы интригалар күч алып, таасирдүү фигуралар тымызын бири-бирин шыбап, коомго жаманатты кылып көрсөтмөй күч алды. Айрыкча ИИМдин ичинде интригалар ирип жатканы байма-бай чыгып жаткан маалыматтардан билингенсиди. Жакында эле ИИМ министринин биринчи орун басары генерал Сүйүн Өмүрзаковду баңги заттарын Кыргызстан аркылуу алып өтүүнү камсыздаган топту көзөмөлдөйт деген чындыкка жакындабаган маалымат интернет айдыңында жарк этти. Бул буйрутма маалымат болгонун анын белгисиз адамдын аты менен жарыяланганы эле далилдеди. Кимдир бирөөлөр генералга көө сүрткүсү келди. Бирок, алардын көздөгөн максаты ишке ашпай калды. Коомчулук азыр мындай далили жок ушактарга ишенбей калган эмеспи. Милициянын арасында Өмүрзаковдун кадыр-баркы бийик экени талашсыз. Министрлик тизгин колго тийсе да аны жүдөбөй жөндөп кетери бышык. Сүйүн Өмүрзаковду кесиптештери өрт, аткарам деген ишинин аягына чыккан, өз ишин мыкты билген профессионал деп баалайт. Өзү дагы милициянын кадыр-баркын көтөрүүдө зор салым кошуп келатканы калппы? Тескерисинче, Өмүрзаковдун наркотикалык заттарды сатуу менен байлык топтогондордун “кислородун” бууп жатканы, аларды калкалаган кишилердин тынчын алып жатса керек. Асылгандардын дагы бир жалаасы генералдын иниси Улукбек Өмүрзаков менен кримтөбөл Камчы Көлбаевдин иниси Жолдошбек Көлбаевдин жолукканы экен. Улукбек ММА федерациясынын президенти, Жолдошбек Дзюдо федерациясынын президенти болушса неге жолугуп сүйлөшсө болбосун? Эки спорттук федерациянын президенттери жолугуп сүйлөшкөнү мыйзам бузуу болуп саналабы же кылмышкер болуп эсептелишеби? Спортту өнүктүрүүгө, спортчуларды колдоого алуу качантан бери кылмыш болуп эсептелип калган биздин өлкөдө? Бул эми таппасаң сыйпалап кал дегендей эле кеп да…

2010-жылы түштүк аймагында, өзгөчө Ош облусунда абал кандай болгонун кыргыз эли али унута элек.  Бул аймакта ички иштер жамаатын жетектөө ары татаал, ары жоопкерчиликтүү экени айтпаса да түшүнүктүү.   ИИМ министри болгон, азыр Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеп жаткан Зарылбек Рысалиевден “Сүйүн Өмүрзаков түштүк аймакта кандай иштеген? Наркотик менен шугулданганын уккансызбы?” деп карандай калпты жазгандар бир ооз сурап койгондо, Рысалиев “Сүйүндү мен абдан жакшы билем. Ал түштүк аймакта тартипти сактоодо бизге күч болуп туруп берген. Аны наркотик менен шугулданган дегендер карандай калпты айтканы үчүн жооп бериши керек” деп жооп бермек.

Кыйын кырдаалда  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын начальниги  Сүйүн Өмүрзаковдун шыбагасына туура келсе,  ал өз милдетин так аткарып, чыныгы профессионал экенин далилдеген.   Сүйүн Өмүрзаков өзүнүн милициядагы чыйырын  адегенде Ош шаардык кылмыш иликтөө бөлүмүнүн опер өкүлүнөн баштап, Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын Кадамжай райондук Ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн начальнигинен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары  кызматына чейин жогорулады.  Ушундай жолду басып өткөн профессионал милициянын кадыр-баркын тебелегенге жол берет дегенге ким ишенет? Биз бүгүн мамлекеттик жетекчилерден тарта ар кандай кызмат өкүлдөрүн сындаганга көнүп, жалган ушак менен шыбаганды адат кылып алдык. Мындайда өз кишилер эле жалган маалымат таратып, журналисттерге шыбырап жибергени биринчи жолу болуп жаткан жок.  Эптеп каралап, кара пиар менен көө жаап, максатына жетүү айрым кишилердин кесибине айланды. Каралаганга маш болгондор эмне үчүн Өмүрзаков “кызматын жаман аткарып жатат, ээлеген ордуна татыксыз” деп ачык айтышпайт? Себеби, генералдын ишти алып барууда эч кандай кемчилиги жок экенине өздөрү да ишенишет.

Түз иштеген жетекчилерге ар кандай ыплас ушактарды жармаштырып, жумурткадан кыр издеп, кынтык таап көнгөндөр ак эмгеги менен баар тапкандардын алдында алсыз жана бир макулук.  Айтылып жаткан ушак сөздөр Сүйүн Өмүрзаковдун кадыры көтөрүлүп, ага болгон ишеним жогорулап баратканынан кабар берет. Болбосо, ага жалаа жапкысы келбегендер мынчалык күйпөлөктөбөйт болчу.

Темирлан Токтоболотов

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: