Баткен облусунун аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу облустук штаб бир катар чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Эске салсак, акыркы күндөрү Баткен облусу COVID-19 оорусун жуктуруп алгандардын саны боюнча алдыда келе жатат.
Киргизилген чектөөлөрдүн тизмеси:
– 28-сентябрдан тарта аймактар аралык, район аралык жана шаардык коомдук транспорттун кыймылы убактылуу токтотулду;
– мал базарлардын иши токтотулган;
– мечиттерде жума намазы убактылуу токтотулду, намазды үйдө окуу сунушталат;
– Бет кап режиминин сакталышына катуу көзөмөл киргизилген;
– Баткен облусунун аймагынан Кыргыз Республикасынын чек арасынан өткөн Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары акыркы үч күндө алынган коронавируска терс ПЦР анализин көрсөтүшү керек;
– райондордун жана шаарлардын башчылары соода борборлорундагы, дүкөндөрдөгү, ашканалардагы, коомдук жайлардагы санитардык ченемдердин сакталышын текшерүү боюнча күн сайын рейддерди өткөрүп, ошондой эле дезинфекциялоо иштерин күчөтүп, мыйзам бузуучуларга чара көрүү керек;
– саясий партиялар тарабынан санитардык талаптардын сакталышына, бет кап режимине, үгүт учурунда социалдык аралыкка көзөмөлдү күчөтүү жана мыйзам бузуулар болгон учурда, тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ