Menu

Депутат Ибраимжановго азандын үнү жакпайбы?

Бөлүшүү:

Парламент депутаттары акыркы күндөрү элди өздөрүнүн түздөн-түз милдети болгон мыйзам чыгаруу ишинен алыстап, ар кандай ойлобой сүйлөгөн сөздөрү менен таң калтырууда. Мисалы, жакында бири “депутаттар чириген компьютер, эски машина менен отурат”,- деп оозубузду ачырса, дагы башкасы мугалимдерди малчы, саанчыга теңеп, кооз, жасалгалуу кийинүүгө үндөдү. Андан мурда “асмандан түшкөн” дагы бир айым-депутат “Кыргызстанда 9 миң сом маянага иштеген адамдар бар экен”,- дегенде же күлөрүбүздү же жинденерибизди билбей шок абалында калганбыз. Ал эми Болотбек Ибраимжанов деген азамат Бишкектин тургундары түнкүсүн оюн-зоок болгон жайлардан чыккан каттуу музыка уйкуну бузуп жаткандыгын жакшы эле айткан. Бирок ал түнкүсүн элдин тынчын алган жагдайга мечиттерден окулган намазды да кошо кетти. “Ушундай эле өтүнүчтөр менен шаар тургундары мечиттер боюнча да кайрылууда. Алар дагы азан чакыруу учурунда үн күчөткүчтөрүн басаӊдатпаса болбойт. Дегеле кечки 11:00дөн эртеӊ мененки 7:00гө чейин тынчтык өкүм сүрүшү зарыл”, – деди ал. Бирок бул депутат 80% жашоочулар үчүн мечиттерде жаңырган азан кайра жагымдуу экендигин, ыйык ислам дини эч качан адамдын уйкусу менен психологиясына терс таасир этпей тургандыгын билет бекен?

Булак: “Майдан.kg”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: