Menu

Герольд Бельгер: «Мен – ​казак улуту үчүнмүн. Казакстандык улут дегенди билбеймин»

Бөлүшүү:

 

Нурлан Еримбетов, клуб модератору:

Клубдун бүгүнкү коногу — ​биз көптөн бери күтүп, келет деп ишенип жүргөн адам, — ​Герольд-ага Бельгер. Қош келиңиз!

Герольд Бельгер: Рахмат!

Н.Е.:Мындан бир жыл мурда, 2008-жылы 10-июнда Чыңгыз Айтматов дуйнөдөн кайтты. Андан бери бир жыл алты күн өтүптүр. Айтматов жөнүндө бир да сөз айтылган жок — ​бир да очерк, жада калса чакан макала да басылбады. Біз қазақпыз, дәстүр болған — ​жылын береміз, ас ұйымдастырамыз. Эми кантип биз мурда өзүбүз ушунчалык сыймыктанып, көп сөз кылып жүргөн адамды, өлгөнүнөн бир жыл араң өткөндө унутуп койдук? Мен жыл ичинде айтматовдук окуулар болбогонун айтпай эле коеюн, Айтматовду эскерүү кечелери да өткөн жок. Бирок, бир жыл өтүп кетти, — ​бизге мынчалык эмне болду?! Бул адам казактар жөнүндө жазган, ал бүт дүйнөнү казактар менен тааныштырган. Сиз эмне дей аласыз, ага?

Г.Б.: Чынында эле, бул шермендечилик. Абдан катуу шермендечилик. Мен муну көптөн бери сезип келе жатамын. Мен мурда менин коллегаларым, жазуучулар Чыңгыз Төрөкуловичти, ал бизге келип калганда кандай тосуп алып жүрүшкөнүн жакшы билемин. Бир кезде ал Кустанай областына келгенде мен тосуп алган элем, мен аны менен тааныш болчумун. Ал абдан таң каларлык адам эле. Жазуучу катары айтпаганда деле, адам катары айтсак — ​абдан адептүү, маданияттуу, акылман жана көптү билген адам эле. Мен аны менен тааныш болгонума сыймыктанамын. Бир убактарда, Чыңгыз Айтматов бизге, Алматыга келип калганда ага жолугууга — ​Тахауи Ахтанов, Абдижамил Нурпеисов, Сафуан Шаймерденов, Зейнолла Кабдоловдор ашыгыша турган. Алардын арасында кандайдыр бир атаандашуу сыяктуу нерсе да бар эле: ким биринчи болуп жолугат, ким аны менен сүйлөшөт, кимге ал жакындай мамиле жасайт? А кийинчерээк акырындап ортолору муздап калгансыды. Эмне үчүн? Себеби, айрым бир: «Мен художник катары Чыңгыз Айтматовдон жогору турам. Айтматов ким? Айтматов — ​публицист. Ал мен -қара сөздің шеберімін» — ​деп айтчулар пайда болушкан. Анан ошол мен айтып жаткан адамдар акырындап жүрүп, андан алыстап кетишти. Көрө албастыкпы, же эмне? Мен муну түшүнө албаймын.

Булак: Жаңы Ордо 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: