Menu

Түркмөнстанда Visa картасын тейлөө токтоду

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда Visa картасына акча салуу, чет өлкөдө андан каражат чыгарып алуу жана накталай эмес төлөм жүргүзүү токтоду.

Бул өлкөдөгү банк өкүлдөрүнүн билдиришинче, январь айынын экинчи жарымынан тарта Visa карталарынын операциялары тоңдурулду.

“Чет өлкөдө жигердүү колдонулуп жаткан Visa карталарынын ишмердүүлүгү бизде токтоду. Карталарын толтуруу үчүн келген жарандардын акчалары алынбайт. Бул чектөө канча убакыт созулары белгисиз”, – деди банк кызматкери.

“Азаттыктын” түркөн кызматы маалымдагандай, чет өлкөдө балдары окуган ата-энелер 22-февралдан тарта 300 долларга чейинки акчалай которууларды “MoneyGram” жана “Western Union” кызматтары аркылуу ишке ашырышууда.

“Учурда банктын борбордук кеңселеринде узун кезек жаралды. Маселен, бүгүн Сеганат банкынын жанында 400-500дөй киши турат. Элди абдан жай тейлеп жатышат”, – деди ашхабаддык баяндамачы Аманмурат Бугаев.

Бул арада Казакстанда окуган студент Visa карта иштебей жатканын тастыктады. Анын айтымында, иштебеген студенттер үчүн бул чоң маселе жаратууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: