Химиотерапиянын дары-дармегин сатып алуу көйгөйү акыркы 3 айда гана пайда болгон эмес, ал көптөн бери бар. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрель күнү КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, өкмөт быйылкы жылы рак оорулууларына дары-дармек сатып алууга 160 миллион сом бөлүп берди, анын 60 миллиону балдар бөлүмүнө бөлүнөт.
Нурболот Үсөнбаев Ош облустук балдар ооруканасынын онкология бөлүмүндө химиотерапия үчүн дары-дармектерди сатып алуу көйгөйү боюнча узатылган суроого “башка бөлүмдөрдө дагы көйгөйлөр бар” деп жооп берди. Ал дары-дармектерди сатып алуу уюштуруларын, бул үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын айтты.
“Өткөн жылы бир нече тендердик сатып алуулар болгон, бирок дары-дармектер аз өлчөмдө сатылып алынгандыгына байланыштуу фирмалар тендерлерге катышпай, көйгөйлөр жаралууда. Бүгүнкү күндө көптөгөн дары-дармектер борборлоштурулган сатып алууларга киргизилген, айрым дары-дармектер бар, калган бөлүгүн сатып алуу чек ара жабылгандыгына байланыштуу кийинкиге калтырылган” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.
Анын айтымы боюнча, бул маселени медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментини фармацевттик продукцияны жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүп, чечип жатат.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ