Ысык-Ата милиция кызматкерлери үй-бүлөлүк ызы-чууга келишкен, бирок ал киши алардын бирин сабап салган. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, милицияга Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринде 1982-жылы туулган адам аялын сабап жатат деген билдирүү түшкөн. Чакырууга райондук ыйгарым укуктуу эки милиционер келишти.
Маалыматка ылайык, ал адам мас абалында болгон. Ошондой эле милициянын айткандарын уккан эмес. Ал милиция кызматкерлеринин бирин кармап, башы менен мурунга урган. Андан кийин алар мушташып, жаңжал чыккан. Бир нече убакыттан кийин милиция кызматкерлери аны тынчтандырышкан.
Бул факт боюнча азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ