Menu

Жалал-Абадда 34 жаранга айдоочулук күбөлүк мыйзамсыз берилген

Бөлүшүү:

Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Ноокен, Токтогул райондук жана Кара-Көл шаардык башкармалыктарынын жооптуу кызматкерлери 34 кишиге мыйзамсыз түрдө айдоочулук күбөлүк берип жиберишкендиги ашкереленди. Бул жөнүндө Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Баса, жасаган кылмышы үчүн сот 2015-жылы үч жылга кесип, мунун негизинде үч жылга айдоочулук укуктан ажыраган С.Т. аттуу жаранга 2017-жылы бул органдын Ноокен райондук бөлүмү мыйзамсыз түрдө айдоочулук күбөлүк берип таштаган. Мындан тышкары Шамалды-Сай шаарчасындагы №108-кесиптик лицейдин жетекчилиги айдоочулукка үйрөтүү боюнча лицензиясы бүтүп калганына карабастан тиешелүү сабактарды албаган 33 адамга “Окуудан өттү” деген күбөлүк тапшырып ийишкендиги ырасталды. Буларга Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Ноокен, Токтогул райондук жана Кара-Көл шаардык башкармалыктарынын кызматкерлери айдоочулук күбөлүктөрүн жазып, колдоруна карматышкан. Бул фактынын негизинде департаменттин үч мекемесинин кызматкерлерине жана лицейдин жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 315-беренеси (“Кызматтык жасалмалоо”) беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө иштери кызыды. Баса, автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти Мамлекеттик каттоо кызматына карайт.

Булак: Майдан.kg

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: