Menu

Эмилбек Момунов, журналист: “Президент Ф.Ниязовдун отставкасын кабыл алса, көпчүлүктүн үмүтү аткарылмак”

Бөлүшүү:

– Президент Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн Фарид Ниязовдун отставкасын кабыл алган жок? Ал “экс президент экөөбүздүн ортобузда тиреш башталды” деген сөзгө жем таштаймбы деп корктубу?

– Өткөн ишемби күнү президенттин аппаратынын жетекчиси өз арызы менен кызматтан кеткендиги тууралуу маалымат көпчүлүк элдин колдоосуна ээ болгон. Бирок арадан бир-эки күн өтпөй эле же ушул жуманын шейшемби күнү мамлекет башчы ал арызды кабыл албай койгондугу тууралуу “каргашалуу” кабар айтылууда. Эгер ал чын болсо, С.Жээнбеков миңдеген шайлоочуларынын үмүтүнө суу сепкендей эле болууда. Анткени бир ооз кыргызча билбеген, сүйлөбөгөн, кыргыздарды жек көрүп, А. Акаевдин доорунан бери Ак үйдү караандай айланчыктап келаткан Ф.Ниязовдун “жылдызы” айрыкча А.Атамбаевдин тушунда жанып, далай хансарайдагы көмүскө шайтан оюндар анын аты менен байланыштырылууда.

Ошондуктан С.Жээнбеков президент бол­гон менен кайра эле кармала берип эски буюмдай кызыгы кеткен, эл менен мамлекетке эмес, жеке кызыкчылыгы үчүн бир адамга… кызмат кылган Ф.Ниязовду кайрадан ап­парат жетекчиси кылып дайындашы анын жарым хандыгын берип койгондой эле бир миллионго жакын шайлоочуларынын үмүтүн өчүргөн болчу. Себеби бул адам президенттин аппаратын жетектеп турганда эч кандай өзгөрүү менен алга жылууну үмүт кылууга болбойт. Бирок эми өзү кетип атканда арызын кабыл албай койгондугу чын болсо, анда бул С.Жээнбеков менен А.Атамбаевдин ортосунда “чоң разборка” болгондугунун далили. Канткен менен экс-президент үчүн көздөй адамынын маанилүү кызматта отурушу эл арасында айтылып жүргөндөй, мындан ары көмүскө башкаруу болуп саналат.

Булак: «Майдан.kg»

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: