Казак бийлиги сот аркылуу «ыркы келишпеген» жүздөгөн үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө спирт ичимдигин ичүүгө тыюу салды.
Казакстан бийлиги жарандарга мындай тыюу салуу укугуна 2017-жылдын соңунда, Административдик укук бузуулар тууралуу кодекске өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин ээ болгон. Анда эгер кандайдыр бир мыйзам бузууга алкогол себеп болгон болсо, анда сот ИИМдин өтүнүчү менен ал адамдын спирт ичимдигин ичүүсүнө тыюу сала ала тургандыгы жазылган. Тыюу салуу мөөнөтү 3 айдан 1 жылга чейин болушу мүмкүн. Бул чектөөнү бузган адамдарга карата 15 суткага чейин камакка алуу жазасы каралган.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ