Menu

Т.Батыралиев Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Мамлкеттик-жеке менчик  өнөктөштүгү боюнча бирикмесинин жетекчиси Ихсан Шахин менен жолугушту

Бөлүшүү:

Саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиев баштаган делегация бир топ пайдалуу жолугушууларды өткөрүп жатат. Эл аралык конференциянын  алкагында Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Мамлкеттик-жеке менчик  өнөктөштүгү боюнча бирикмесинин жетекчиси Ихсан Шахин менен жолугушту. Бул өнөктөштүк  кыска убакыттын ичинде Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин   жалпы көлөмү 52 миң койкалуу 18 шаардык оорукананын курулуштун долбоорун ишке ашырган.  Жасалган долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашышы менен Түркия Республикасынын Дүйнөлүк масштабдагы  медицина тармагында алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кошкон. Азыркы учурда бул тармакта дүйнөнүн көптөгөн  өлкөлөрүндө Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк принцибинде долбоорлорду  ишке ашырып келет.  Саламаттыкты сактоо тармагында инфраструктураны  учурдун талабына жооп берүүчү абалга жеткирбей туруп, реформа жасоо мүмкүн эмес. Министр Т.Батыралиев ээ болгон тажрыйба бизге белгилүү. Бизге бул тармакта  Кыргызстанда  иш алып баруу жагымдуу, себеби Кыргыз элине жардам берүү ниетибизде бар деди Ихсан Шахин.

Министр Т.Батыралиев Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын жана бул указды ишке ашыруу максатында  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  тарабынан конкреттүү иш план иштелип чыккандыгын билдирди. Саламаттыкты сактоо тармагында бул планды аймактардагы  инфраструктураларды жаңыланууну ишке ашырбаса болбой калаарын белгиледи. Ошондуктан  биз №1 шаардык оорукананын башкы дарыгери Нурлан Оморов менен бирге оорукананын жаңы курулушу боюнча долбоорду талкууладык жана өкмөткө караштуу Инвестицияларды тартуу боюнча Агенттиги тарабынан колдоо таптык. Эми бул долбоордун курулушту бардык категорияда талкуулаганга даярбыз деди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: