Menu

Шадиевге сурак жокпу?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты жана биринчи вице болуп, эки жакта талтайып олтурган Аскарбек Шадиевге жалпы коомчулук жакшы деле пикирде эмес. Анткени, бул адамдын былыктары жетиштүү. Ошондой болсо да эки бирдей олчойгон кызматты кучактап, же кыйратып иштебей, элдин сынына кабылып келет. Жакында эле Жогорку Кеңештен Айтматов сыйлыгы үчүн бериле турган 30 миң доллар уурдалды. Ага ЖКнын бөлүм башчысы күнөөлөнүп, камалды. Бирок ошол акчанын уурдалышына жол ачып, кол коюп берген адам дал ушул Шадиев эле. Эмне үчүн бул эске алынбайт? Чындай келгенде бул кылмыш ишинде текшербей туруп, кайдыгер мамиле менен кол койгондордун да жоопкерчилиги каралышы зарыл. Шадиевдин мындай кылыгы Салянова, Шыкмаматовдордун “кылды” деген кылмыштарына караганда кыйла оор. Бул маселени да эске алгыла эсирбей…

Булак: Багыт 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: