– Акылбек мырза, эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитеттин жыйынында саламаттык сактоо министрлигинин гаражында дат басып жаткан «Тез жардам» машиналары тууралуу аябай чоң сөз болду. Ал эмне болгон машиналар?
– Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы гранттык келишимдердин негизинде үч долбоор аткарылып жатат. Биринчиси, Бишкекте перинаталдык борбор салынып, экинчиси, «Тез жардам« унаалары алып келинген. Перинаталдык борбор боюнча да бир топ маселе бар. Эки жолу башкы прокурордун “долбоорду ишке ашырып жаткан компаниянын мындай курулушту жүргүзүүгө деңгээли жетпейт” деген эскертүүсү келген. Бирок, ал компания лицензиясы жок болсо деле кандайдыр бир себептер менен тендерди утуп, азыр курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Экинчи маселе, мурдагы жылы тендер өтүп, Бишкек шаардык «Тез жардам» борборуна «Тойота» фирмасынын базасында жасалган «Тез жардам» унаалары келген. Сегиз машинанын ар бири 137 миң (!) доллардан. Бирок, алар бир жылга жетпей жабдуулары иштебей, машиналардын өздөрү дат баса баштады. Себеби, алар кустардык ыкма менен жасалган машиналар экен. Мен өзүм барып көрүп келдим, дат басып, чирий баштаптыр. Былтыр март-апрель айларында 1 млн. 180 миң долларга «Тез жардам» машиналарын алып келүү боюнча дагы тендер өтөт. Ал унаалардын бир бөлүгү Бишкекте калып, бир бөлүгү региондорго кетиши керек эле. Мен иликтөө жүргүзүп чыксам, ар бир машина орточо 80 миң доллардан айланып атат. Ага чейин Түркия мамлекети, же ТИКА берген «Мерседес» үлгүсүндөгү жаңы автоунаалар орто эсеп менен 50-55 миңден эле айланган. Ал эми кийинки машиналар болсо «Тойота», же «Хюндай портер». Уят да! «Хюндай портер» – бул чарбалык иштерге колдоно турган машина, аны менен мал базарда мал ташып атышпайбы. Германия мамлекети акча берип аткандан кийин саламаттык сактоо министрлиги кайдыгер мамиле кылбай, он беш эмес, он эки болсо да жакшыраак, «Мерседес», же башка үлгүдөгү, жок дегенде УАЗ сыяктуу көпкө иштей турган машиналарды алышы керек болчу. Айыл жергесинде канча жылдардан бери УАЗ машиналары иштеп эле келатпайбы. Алардын баасы да арзан. Он миң доллардын тегерегинде. Он бештин ордуна отуз машина алсак болот беле? Болот болчу. Аларды техникалык жактан тейлөө жагы да кыйла арзанга түшмөк. Белгилей кетчү дагы бир нерсе, бул автоуналар Дубайдан комплектация болгон. Аларды жүктөп жөнөтөрдүн алдында биздин саламаттык сактоо министрлигинин сатып алуулар бөлүмүнүн начальниги дагы бирөө менен барып, «техникалык талаптарга, тендердик арызга туура келет» деп кол коюп келишкен. Бирок, бир жылдан бери ал машиналар саламаттык сактоо министрлигинин гаражында турат.
– Себеп?
– Себеби, техникалык регламентке жооп бербейт. «Хюндай портердин» кузовдору бир жарым метрге узун. Үстү болсо жапыз. Ичине жатса болот, бирок, медиктер туруп иштей албайт, башы тийип калат. Медиктер оорулууну алып баратканда асма укол сайып, жасалма дем алдырганга мүмкүнчүлүгү болуш керек да. Мунун ичинде болсо киши кенен бурула албайт. Бизге келип түшкөн маалыматтарга караганда, саламаттык сактоо министрлигиндеги айрым кызматкерлер региондордогу башкы врачтарды «алгыла» деп кыйнап атышыптыр.
Эң башкысы, саламаттык сактоо министрлиги бул машиналардын 80 пайызынын акчасын эчак эле төлөп салыптыр. Коррупциялык схема бар экени ачык эле көрүнүп турат. Ошондуктан, биз бул боюнча башкы прокуратура менен каржы полициясына тапшырма бердик. Биз сөзсүз мунун аягына чыгабыз.
Керим МУРАС
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ