Кыргызстандын Индиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, дасыккан дипломат Самаргүл Адамкулованын (маркум, экс-депутат Рахат Ачылованын кызы) ушул күндөрү дипломаттык миссиясы соңуна чыгып, төркүнүнө кайтып келери каңкууланды. Бошочу орунга парламенттин, өкмөттүн, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмдөрүндө жана протокол кызматтарында иштеп келген Мар Топоевдин келиши күтүлүүдө. Эсиңерге сала кетсек, Мар Топоев буга чейин президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине көрүлгөн даярдык учурунда ажонун мойнуна салынчу алтын жалатылган чынжырчаны мойнуна илип алып, талталаңдап, тири укмуш сүрөттөргө түшө койгондугу үчүн коомчулуктун сынына кабылган, оюна келгенин кылган тентек экендиги белгилүү. Кокус оомат келсе, бул ойрон обу жоктук жүрүшүн Индиядан да көрсөтүп ийбес бекен?..
Канжар БОРПОШОВ
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ