Түркия демөөрчүлүгү менен Бишкек шаарында курултай оорукана келечекте жеке менчикке өтүп кетиши мүмкүн экенин Жогорку Кеңештин депутаттары айтып чыгышты. Кооптонткон жагдай, келишимде Түркиянын карамагынан өткөрүп алуу мөөнөтү жазылган эмес. Азыр эки өлкө чогуу башкаруу боюнча келишим даярдап жатышат. Анда үч жыл чогуу иштешип, кийин Түркия тарап көзөмөл жүргүзөөрү жазылган. Мына ушул жагдай, ооруканага Түркия көзөмөл жүргүзөөрү чочулоо жаратууда. Бул маселе жеке менчик жыттанып турганын парламенттин депутаты Аида Исмаилова билдирген. Айрымдар мындай бүдөмүк келишимдин артында Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин кулагы чыгып турганын айтышууда. Анткени Батыралиев Түркия тарап менен жең ичинен сүйлөшүү аркылуу жаңы оорукананы менчиктештирип алууга кызыкчылыгы болушу мүмкүн деп күмөн санагандар арбын.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ