Menu

Рита Карасартова, укук коргоочу: «Ниязовдун кетпей калышы, экс-президенттин таасири дагы деле күчүндө экендигин далилдегендей»

Бөлүшүү:

– Фарид Ниязовдун өз эрки менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазуусуна эмне себеп болушу мүмкүн?

— Президенттин аппаратынын жетекчиси болгондон кийин, президенттин тегерегинде эмне болуп жатканына ушул киши жооп берет да. Ант берүү аземине деле өз кишилерин чогултуп, кийин СДПКнын атынан Россияга чейин учуп барып, “Единая Россия” менен келишим түзүп, Эсенгул Өмүралиев агай каза болгондо, некрологдо дагы С. Жээнбеков. А. Атамбаев деп жазып, (негизи бизде расмий бийликти жазып чыгыш керек болчу да) ошондой катачылыктарды кетиргенден кийин балким социалдык тармакта кысым жасаган үчүн кызматтан кетүүгө мажбур болду деп ишенгибиз келет. Бирок, президент анын арызын кабыл албай койгонуна байланыштуу, кандайдыр бир саясий оюн болуп калды го деп ойлойм. Элге эмнени билдиргиси келгенин билбейм. Башка саясатчылардан сурап бул эмнени билдирет десем, “мындай эч качан болгон эмес” деп айтып жатпайбы. Ошондуктан, бул ачык эле оюн болуп жатканы көрүнүп турат. Аркасында эмне турганы азыркы күнгө чейин белгисиз бойдон калууда. Кетип кала турган болсо, экс-президенттин тегерегиндеги кишилерден бошонуп жатат деген ойлор болмок. Фарид Ниязовдун кетпей калганы, бошонгонго дагы алыс бар го деген ойго кептеди. Ниязов кызматтан кетсе көп нерсе өзгөрүшү мүмкүн. Анткени, бул кишинин көп учурларда жан-жөөкөрлөрү шефим айтты деп сатып эле бир топ иштерди жасай беришет. Мен ойлойм, экс-президенттин тегерегинен эң таасирлүү, көп бурмаланган иштерди Фарид Ниязов жасачу деп ачык эле ойлойм. Эгер таза киши келсе, көрөгөч, даанышман мамлекет жөнүндө көп ойлонгон таза киши келди демекпиз. Анда кандайдыр бир демилге пайда болмок да. Биз мындайда коррупция менен күрөшүү, тазалануу деген көп сөздөрдү айтабыз. Бирок чындыгында ишке адисти алуу керек. Жумушка таза кишини алып келиш керек. Президенттин тегерегине ким келет, ар бир фигура маанилүү. Эгер мурун чуулгандуу иштерге аралашкан, соттолгон кишилер келе берсе, ошондон улам биз жыйынтык чыгара беребиз. Тынбастан өз демилгелерин ишке ашырганга, эл үчүн иштеп, эл менен биргеликте иш алып барса, эл ичинен демилге издесе ал чынында эле ушундай кишилер келиптир деп айтабыз. Фарид Ниязовдун калып калганы коомчулукка жакпады. Жарандык коомду дагы чукулап, булар деген агенттер, булар шпиондор деп, ошол жактан демилге келген. Бийликтеги салмактуу саясий фигураларга дагы буйрутма берген президенттин аппараты болгон. Биз жаңы президент шайланды, эми жаңылануу болот деп үмүттөндүк, бирок аппарат жетекчиси болуп мурунку кишилер келе баштагандан кийин кайрадан эле баягы үмүтүбүз солгундап калды. Ошондуктан, Фарид Ниязов кетип, таза, кыргыз үчүн күйгөн, артында чуулганы жок киши келсе биз кайра көзүбүздү жумуп туруп, президентибизди кош колдоп кубаттамакпыз. Мамлекетибиз кичинекей, кедей. Элибиздин көбү чет өлкөдө жүрөт. Эмнебизге чиренип, эмнени бөлүшүбүз керек? Ошондуктан бул саясий оюну мага жаккан жок. Элдер түшүнгөн жок, эмне болуп жатканын. Ниязовдун кетпей калышы экс-президенттин таасири дагы деле күчүндө экендигин далилдегендей. Ошонун карамагында эле калып, баланчанын президенти дегендей эле болуп жатат да. Ниязовдун башка кайсыл кызматка кеткени да маанилүү. Эгер такыр эле эч нерсе чечпеген кызматка барса, олтура берсин. Бирок бул кишинин кетпегени биз үчүн чоң сигнал болду.

Булак: Жаңы Ордо 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: