Президенттик аппаратын жетекчиси Фарид Ниязовдун кызматтан кетүү боюнча дүйшөмбү күнү жазган арызын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков кабыл алган жок. Бирок бир апта эс алууга убакыт берди. Бул жакшылап ойлон деген белги экенин саясий эксперттер белгилешүүдө. Себеп дегенде, эс алуудан ары кызматтан кеткендер көп эле учурайт. Маселен, Аида Салянова башкы прокурор болуп иштеп турганда, ошол кездеги өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен келише албай калып, эмгек өргүүсүнө чыгып, андан ары отставкага кеткен. Дал ошондой эле кырдаал Фарид Ниязовдун башына түштү. Коомчулукта президент Жээнбеков жана анын айланасындагылар Ниязовду кодулап иштетпей жатканы кеп болуп жатат.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ