Бишкек шаарынын мэри Азис Суракматов кыргыз тилин тиешелүү денгээлде билбегенине карабастан мэр болуп шайланган. Тилчилердин Суракматовду кыргыз тилин кыйын билет деген баасы түккө турбаган жасалма экенин журналист Канышай Мамыркулова далилдеп салды. БШКга Канышай айым кыргыз тилинин статусу, аны кимдер билүүгө тийиш экенин көзгө сая көрсөтүп берди. Аргасы кеткен БШК Суракматовго «Кыргызтест» мекемесинен сынактан өтүүнү сунуштады. Муну менен кыргыз тилинин кайсы бир саясий топтун кызыкчылыгы үчүн курал болуп жаткан көрүнүшкө чекит коюш керектигин Канышай Мамыркулова айгинеледи. Ырасында, кыргыз тили кыргыз мамлекетинде өз эл, өз жеринде кордолбой корголуп, өнүп-өсүш керек.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ