Казакстанда аткезчилик боюнча айыпталып кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун улуту кыргыз жана ал Караколдо туулуп-өскөн. Бул тууралуу депутаттын атасы Асылбек Супатаев айтып берди.
Анын айтымында, уулу казак жарандыгын алганы тууралуу эч кабары жок болчу.
– Уулубуз Караколдо төрөлүп, кийин 8-класстан соң Бишкекке спорт мектебине кеткен. Анын Казакстанда туулганы жана улуту казак экени тууралуу маалымат жалган, – деди Асылбек Супатаев.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ