“Таажывирустун каяктан келгенин, аны кимдер алып келгенин баса көрсөтүп жатабыз. Бизге ушул керекпи?” – деди депутат Садык Шер-Нияз бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында.
“Таажывирусту туристтер, умрадан келгендер, конференциядан келгендер алып келдиби? Мунун кимге зарылчылыгы бар? Азыр биз оору менен күрөшүшүбүз керек. Аны ким каяктан алып келгендиги тууралуу эч кимдин иши болбош керек. Биз ал чектен өттүк. Эми бири-бирибизди колдоо гана калды” – деп билдирди депутат.
Ал мындай кырдаалда бөлүнбөй, элди ынтымакта болууга чакырды.
“Азыр баарыбыз бирдейбиз. Биз айтып жаткан ар бир маалыматыбызды абайлап, ошол сөзүбүздө негативдүү, бөлүнүүнүн элементтери жокпу (?) ошого көңүл буруп, анан кийин сүйлөшүбүз керек” – деп кошумчалады эл өкүлү.
Ал ошондой эле өлкөдө Өзгөчө абал киргизилгенин белгилеп, депутаттар керек болсо күнү-түнү иштеш керектигин белгиледи.
“Экономикалык оорчулуктар күтүлөт. Мындан дагы оор болуп кетиши мүмкүн. Биз ошого даяр болуп турушубуз керек. Кыргызстанга Өзгөчө абал биринчи жолу киргизилип жатат. Демек, бул учурда эмне кылыш керектигин эл дагы билбейт. Урматту өкмөт, түшүндүрүү иштери аябай катуу жүрүшү керек” – деп билдирди депутат Садык Шер-Нияз.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ