Menu

КСДПчы депутаттар Элвира Сурабалдиева менен Гүлкан Молдобекова сессияда кайым айтыша кетти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында профсоюздар жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда КСДП фракциясынын депутаттары Элвира Сурабалдиева менен Гүлкан Молдобекова кайым-айтыша кетишти.

“Гүлкан Сакеновнага ЖКнын социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы катары мурда эле айткам, өзү комитеттин төрайымы болуп жатса, жолдошу профсоюздар федерациясынын президенти болуп иштеп жатат, добуш берүү болуп жатканда, жубайы комитетте алар жөнүндө мыйзам долбооруна добуш берип жатат – бул кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүдө, бардык нормалар бузулуп жатат. Биз парламент катары ар кандай күдүң сөздөр менен шектенүүлөргө жол бербешибиз керек. Биз абийирдүү, коррупциясыз, араздашуусу жок жүрүм-турумдун үлгүсү, эрежеси болушубуз керек. Мындай мыйзам долбоорлорунда комитет төрагасы добуш берүүгө моралдык укугу жок. Ошону эскертип койсок, кайра сиз бизге таарынып олтурасыз”, – деди Сурабалдиева.

Ушунун негизинде эле ал ар бир профсоюз өзүнчө каралып, Мирбек Асанакунов ишмердүүлүгү текшерилиши керектигин айтты. “Анын фонду канча ирет сот иштери козголгон сайын, түшүнбөстүктөр болгон сайын текшерилип келди, – деди депутат айым.

Молдобекова болсо коллегасын кызыкчылыктар тартышы жөнүндө абайлап сүйлөөгө чакырып: “Эгерде Асанакуновго иш козголгон болсо, анда аны далилдеп бериңиз. Ооба, бул менин жолдошум, анын эмнеси бар экен? Ошол үчүн эле мен бул жерде отурбашым керекпи? Мен өзүмдүн конституциялык укугумду аткарып жатам. Эгерде иш козголгон болсо, факты менен сүйлөңүз. Асанакуновдун деңгээлине жетүү үчүн сизге чоң тажрыйба зарыл болот. Мен комитеттин төрагасымын. Бардыгын ачык-айрым жасап жатабыз, каалагандардын бардыгы катышып жатат. Мына кабинетте эки саат олтуруп, талкуулап жаттык. Биз бардык тараптын ой-пикирин укканга аракет кылып келебиз”, – деди.

Ага кайра Сурабалдиева: “Кызыкчылыктар талашы дегенди сизге түшүндүрө турган мен эмесмин. Бардыгын беш колдой жакшы билесиз. Комитетте мыйзам долбоору каралган күнү менимче, мыйзамсыз добуш берүү болуп кетти, эки добушка эки добуш каршы болду, ал эми сиз комитет төрайымы катары добуш берүүдөн баш тартышыңыз керек эле. Сиз болсо добуш берип, кызыкчылыктар талашын далилдеп койдуңуз” – деп жооп кайтарды.

Ал эми козголгон кылмыш иштери боюнча Сурабалдиева ММКлардагы маалыматтан экөөсүн келтирди: “Расмий маалыматка ылайык, 2014-жылы Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Мирбек Асанакуновго карата өнүктүрүү фондундагы каражаттарды ыйгарып алган деп кылмыш иши козголгон, ошондой эле эмгек китепчесиндеги жазуулар боюнча арызды ЭККМК Чодунов деген жаран арыз жазган”.

Экөө ушунча айтышып бүткөндөн кийин, вице-спикер Мирлан Бакиров аларды ыктымакка келүүгө чакырды.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: