“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди.
Анын айтымында, бул чечим партиянын саясий кеңеши менен макулдашылды. Ал өзүн талапкер катары көрсөтөт.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 24-октябрында Кыргызстандын БШКсы президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенине байланыштуу шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлөт.
Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө кете турган чыгымдардын сметасын бекитти. Ага ылайык, президентти шайлоого 549 миллион 161 миң 100 сом сарпталары белгилүү болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ